• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сапар Исаков: Калкты тейлөө борборлорунда жарандар кезекте турбашы керек

Өкмөт 0

Бишкек, 13.09.17 /Кабар/. Калкты тейлөө борборлорунда жарандар кезекте турбашы керек, паспорттор белгиленген мөөнөттөн кечикпей берилүүгө тийиш. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, бүгүн, 13-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев менен жолукканда билдирди.

“Жарандар тараптан сиздерге айрым бир сын-пикирлер айтылууда. Адамдар калкты тейлөө борборунда узак кезек күткөнүнө, ашыкча түйшүктөргө, паспортторду даярдаганын жана берүүсүн создуктурганына нааразы. Түзүлгөн кырдаалды тез арада алмаштыруу керек. Жарандар жаңы паспорт алуу үчүн зарыл документтерди тапшырып, белгиленген мөөнөттө жаңы паспортту алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек”, — деди Премьер-министр Сапар Исаков.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев Өкмөт башчысына билдиргендей, акыркы учурда коомдук тейлөө борборлорунда жарандардын агымы үч эсе көбөйдү. Бул жеткиликтүү инфраструктурага кошумча түйшүк жаратууда. Ошондой эле кызматкерлер эки нөөмөт менен иштөөгө аргасыз болушту. Бишкек шаарындагы Ч. Валиханов көчөсүндөгү калкты тейлөө борборунун аянты бардыгы болуп 600 чарчы метрин түзөт. Ал күн сайын болжол менен 2 миңден ашык жаранды тейлейт.

Дастан Догоев калкты тейлөө борборлору боюнча аталган сындар негиздүү экенин, бирок бүгүнкү күнгө чейин болгон көйгөйлөр чечилгенин кошумчалады.

“ID-карталарды биометрикалык паспортко акысыз алмаштыруу иштери активдүү улантылууда. Биздин кызматка кайрылган жарандар үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн, жакынкы арада Бишкек шаарында дагы бир калкты тейлөө борбору ачылаары пландалууда. Ал жерде жарандар үчүн бардык шарттар түзүлөт, анын ичинде акысыз Wi-Fi менен камсыз кылуу, күтүү бөлмөсү, балдар ойноочу бөлмө, энелер үчүн бөлмө болот. Ошондой эле 2017-жылдын 18-сентябрынан “паспортту үйгө жеткирүү кызматы” киргизилет”,— деп билдирди Дастан Догоев.

Дастан Догоевдун маалыматы боюнча, азыркы учурда зарыл документтерди тапшырган жарандарга паспорт берүү, күнүмдүк иштөө графигинен 6 күн мурда жүргүзүлө баштады. Белгиленген нормаларга ылайык, зарыл болгон бардык документтерди тапшыргандан кийин, паспорт 12 жумушчу күндүн ичинде жасалат.

Пикир

Оставить комментарий