• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эдил Байсалов жумушчу сапары менен Талас облусунда жүрөт

Өкмөт 0

Бишек, 12.01.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жумушчу сапары менен Талас облусунда жүрөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары өз жумушчу сапарын «Манас Ордо» улуттук комплексине баруудан баштады.

Эки күндүк иш сапарында Эдил Байсалов аймактын айрым социалдык-маданий объектилеринин иши менен таанышат.

Ошондой эле мекемелердин жамааты жана жергиликтүү тургундар менен бир катар жолугушуулар пландаштырылган, анын жүрүшүндө актуалдуу маселелер талкууланмакчы.

Пикир

Оставить комментарий