• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек шаарындагы кыргыз-түрк достугу ооруканасы пайдаланууга берилет

Өкмөт 0

Бишкек, 19.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова Кыргыз Республикасындагы Түркия Республикасынын Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Жолугушууга ошондой эле Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Эл аралык кызматташтык боюнча түрк агенттигинин (ТИКА) өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мамлекеттер аралык эки тараптуу аракеттешүүнүн актуалдуу темаларын, тактап айтканда, социалдык тармактагы кызматташтык маселесин талкуулашты.

Элчи Женгиз Камил Фырат вице-премьер-министрге Бишкек шаарындагы кыргыз-түрк достугу ооруканасынын курулушунун жүрүшү жана аны заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады. Ал медициналык мекеменин курулушу дээрлик аяктап калгандыгын жана учурда эки өлкөнүн адистери тарабынан оорукананы мындан ары карай пайдалануу туралуу Келишим долбоору иштелип жаткандагын билдирди.

Түрк тарап кыргыз-түрк достугу ооруканасынын ишин келечекте техникалык жана финансылык жактан колдоого алууга даярдыгын билдирди.

Өз кезегинде вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова түрк тарапка кыргыз-түрк достугу ооруканасын куруу жана жабдуу боюнча долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Түркия Өкмөтү жана Эл аралык кызматташтык боюнча түрк агенттиги менен жемиштүү кызатташуусун белгиледи.

«Кыргызстанда түрк тарап менен кызматташунун негизинде социалдык маанидеги обьектилерди куруу боюнча бир катар долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылды», - деп белгиледи Чолпон Султанбекова.

Буга катар вице-премьер-министр түрк тараптан кыргыз жарандарын Түркиянын медициналык клиникаларында акысыз дарылануусуна ар-жылкы квотаны көбөйтүү, ошондой эле түрк саламаттык сактоо уюмдарынын базасында кыргыз дарыгерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана окутуу маселесин карап чыгуусун өтүндү.

Түркия элчиси жолугушунун жүрүшүндө айтылган бардык сунуштар республиканын тийиштүү мамлекеттик органдары тарабынан белгилүү тартипте каралып чыгаарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий