• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Разаков: Өкмөт жол эреже бузуу үчүн каралган айып пулдун көлөмүн азайтуу демилгесин колдойт

Өкмөт 0

Бишкек, 19.08.19. /Кабар/. Кыргыз өкмөтү Ички иштер министрлигинин жол эрежелерин бузуу үчүн каралган айып пулдун көлөмүн азайтуу демилгесин колдойт. Бул тууралуу вице-премьер-министри Жеңиш Разаков сот-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган КРнын нормативдик-укуктук актыларын талдоо боюнча мекемелер аралык жумушчу топтун жыйынында билдирди.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, вице-премьер-министр, өзгөртүү киргизүү жарандардын көптөгөн кайрылууларынан улам келип чыкканын белгилеген.

«Бизге коомчулуктан, Жогорку Кеңештин депутаттарынан, айдоочулардан бир нече айып пулдун өлчөмүн азайтуу боюнча бир топ кайрылуулар келип түштү. Биздин жумушчу топ келип түшкөн сунуштардын негизинде эреже бузуунун 8 түрү боюнча айып пулду азайтууга макул болду», - деди Жеңиш Разаков.

Жол кыймылын төмөнкү категориялары боюнча айып пулдун көлөмүн азайтуу сунушталууда: Жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы; жолдун жүрүүгө уруксат берилген бөлүгүндөгү белгилердин талаптарын аткарбагандыгы (кууп келип, ашып кетүү же каршы тилкеге чыгып манёвр жасоо сындуу эрежелерди бузуу фактыларын кошпогондо); унааны туура эмес жерге токтотуу боюнча эрежени бузуу; коопсуздук дистанциясын жана аралыкты сактабай, автомагистралдар боюнча жол эрежелерин бузуу; жол чырактан уруксат берилбеген учурда стоп-сызыгынын алдына токтоо, көрсөтүлгөн жол белгилерин же өтүүгө уруксат берилген жолдун бөлүгүнөн Жол кыймылынын эрежелерин сактабай өтүү; ашып өтүү боюнча эрежени бузуу; сырткы жарык берүүчү жабдыктарды же эскертүүчү сигналдарды колдонууда эреже бузуу.

Жогоруда айтылган эреже бузуулар боюнча айып пулдун өлчөмүн 3 миң сомдон 1 миң сомго чейин түшүрүү каралууда.

Мындан тышкары жыйындын жүрүшүндө жүргүзүлгөн сот-укуктук реформанын алкагында жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды иштеп чыгуу боюнча 4 маселе каралган. Анда мамлекеттик бийлик органдары системасындагы укук коргоо органдарынын орду жана ролу, белгиленген укуктук негиздер, принциптер, коюлган тапшырмалар жана аткарууну уюштуруу иштери башкы максат болгон «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү жөнүндө” КР мыйзам долбоорунун концепциясы негизи маселе болуп эсептелет. Тагыраак айтканда, келечекте укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү бирдиктүү мыйзам менен гана жөнгө салынат.

Маалымат үчүн:

Мекемелер аралык жумушчу топ премьер-министрдин 2019-жылдын 25-февралдагы буйругунун негизинде түзүлгөн. Мекемелер аралык жумушчу топтун негизги максаты жаңы кодекстер жана мыйзамдардын жетишпеген жактары менен карама-каршы келген учурларын анализдөө болуп эсептелет. Жумушчу топтун ишмердүүлүгүн камсыз кылуу боюнча эки эксперттик топ түзүлгөн. Жумушчу топтун курамына бардык бийлик бутактарынын өкүлдөрү, жарандык коомдун эксперттери кирет. Эксперттик топтор 20 отурум өткөргөн. Анда 120дан ашык мыйзам чыгаруу демилгелери каралган. Өз кезегинде мекемелер аралык жумушчу топ 5 отурум өткөрүп, анда мыйзам чыгаруу боюнча 26 сунушту караган.

Пикир

Оставить комментарий