• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев медициналык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 30.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын медициналык кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

«Урматтуу медициналык кызматкерлер!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан өлкөнүн жалпы медициналык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайм!

Медицина кызматкери – бул жүрөктөн чыккан максаттуу шык. Бул кесипти ойлонуу менен тандап, өмүр бою аны аркалашат. Сиздер убакытка жана аба-ырайынын ар кандай шарттарына карабастан, муктаж адамдарга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө дайыма даяр турасыздар. Сиздердин кесиптик билимиңиздер жана боорукер жүрөгүңүздөр күн сайын жүздөгөн адамдарга экинчи өмүр берип келет.

Атамекендик медицинанын чоң жетишкендиги катары ар жыл сайын калктын өлүмүнүн – 2%, ал эми балдар өлүмүнүн 6% кыскартылышы саналат. Буга жараша калктын жашоосунун узактыгы жогорулагандыгы байкалууда. Чындыгында бул – дарыгерлер үчүн сыймык жана анын ишинин мыкты көрсөткүчү!

Кымбаттуу медициналдык тармактын кызматкерлери!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасын ишке ашыруу алкагында калкка көрсөтүлүүчү медицинадык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, эмгек шарттарын жакшыртуу, айыл жергесиндеги саламаттык сактоонун ролун күчтөндүрүү, сергек жашоону жайылтуу маселесине чоң көңүл бурулган.

Биздин максат – калкка медициналык көмөк көрсөтүүнүн сапаттуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, медициналык көмөк көрсөтүүнүн жаңы түрлөрүнүн өнүгүүсүн камсыздоо жана жарандардын ден соолук көрсөткүчүн жакшыртуу.

Мен тийиштүү интеллектуалдык жана кадрдык мүмкүндүккө ээ болгон атамекендик медицина алдыга коюлган милдеттерди ийгиликтүү жөндөп кетээрине ишенем.

Ушул майрам күнү адам өмүрүн сактап калуудагы татаал эмгегиңиздер, күзөт учурундагы уйкусуз түндөр, кырсык болгон жерге ыкчам чыгуулар, биздин бөбөктөргө жана карыяларыбызга токтоосуз көрсөткөн көмөгүңүздөр үчүн терең ыраазычылык сөздөрүбүздү кабыл алыңыздар. Сиздерге жана жакындарыңыздарга чың ден-соолук, бакубат турмуш, жөнөкөй адамдык бакытты жана бардык башталыштардагы ийгиликтерди каалайм».

Пикир

Оставить комментарий