• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык жөө күлүктөр Өзбекстанда өткөн эл аралык мелдеште 9 медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 19.08.19. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Өзбекстанда өткөн жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдеште 9 медалды утуп алышты. Бул тууралуу Өзбекстандын Жеңил атлетика боюнча федерациясы билдирет.

Мелдеш Ташкент шаарында 17-19-август күндөрү болуп өткөн.

Кыздар арасында Айнуска Калил кызы 800 метр жана 1 миң 500 метр аралыктагы жарышта чуркап, эки күмүш байге уткан. Самат Казакбаев 1 миң 500 жана 5 миң метр аралыкка жүгүрүп, экинчи орунду ээлеген. Данияр Арыпбеков да күмүш байгелүү болгон (3 миң метр аралыкка тоскоолдуктар менен).

Эркин Шеров (200 метр) менен Михаил Солошенко (1 миң 500 метр) коло байге тагынышкан. Эркектер арасында 4×100 жана 4×400 эстафетасында Влад Полити, Мыктыбек Абдурасул, Тимур Исаков жана Эркин Шеров жарышка түшүп, үчүнчү болушкан.

Пикир

Оставить комментарий