• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Футбол. Кыргызстан Азия чемпионатына даярдыкты Катарда өткөрөт

Спорт 0

Бишкек. 05.12.18 /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2019-жылы өтө турган Азия чемпионатына окуу-машыгуусун Доха шаарында (Катар) өткөрөт. Бул тууралуу Футбол федерациясы билдирди.

Азия биринчилигине даярдык 8-декабрда башталып, 3-январга чейин уланат.

Эскерте кетсек, Азия кубогу 2019-жылдын январь айында Бириккен Араб Эмиратында өтөт. Ага 24 курама команда катышат.

Кыргызстан C тайпасына түшүп, Түштүк Корея, Кытай жана Филиппиндин командалары менен ойнойт.

Команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин окуу-машыгууга катыша турган 28 футболчунун атын атады.

Дарбазачылар: Павел Матяш (клубу жок), Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков ("Дордой"), Калысбек Акималиев ("Абдыш-Ата")

Коргоочулар: Авазбек Откеев, Тамирлан Козубаев, Мустафа Юсупов ("Дордой"), Камолидин Ташиев ("Абдыш-Ата"), Дениэл Тэго ("Читтагонг Абахани", Бангладеш), Айзар Акматов ("Алга"), Виктор Майер ("Виденбрюк", Германия), Валерий Кичин ("Енисей", Россия).

Жарым коргоочулар: Павел Сидоренко, Азиз Сыдыков, Муролимжон Ахмедов, Ислам Шамшиев, Фархат Мусабеков, Бекжан Сагынбаев, Кайрат Жыргалбек уулу (баары "Дордой"), Бахтияр Дуйшобеков (ФК "Башундхара Кингз", Бангладеш), Эдгар Бернхардт ("Тыхы", Польша), Ахлидин Исраилов (клубу жок), Турсунали Рустамов ("Алга"), Одилжон Абдурахманов ("Алай"), Антон Землянухин ("Илбирс").

Чабуулчулар: Эрнист Батырканов ("Дордой"), Мирлан Мурзаев ("Сомаспор", Түркия"), Виталий Люкс ("Ульм-1846", Германия)

Мындан тышкары дагы 7 футболчу көрсөтүлгөн тизмени толукташы мүмкүн.

Дарбазачы: Арстан Кудайбердиев ("Илбирс")

Коргоочулар: Аскарбек Салиев ("Дордой"), Аманбек Маныбеков ("Абдыш-Ата"), Вениамин Шумейко (клубу жок).

Жарым коргоочулар: Шерзот Шакиров ("Нефтчи"), Алимардон Шукуров ("Абдыш-Ата").

Чабуулчу: Кадырбек Шаарбеков ("Дордой").

Пикир

Оставить комментарий