• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте тогуз коргоол боюнча Борбор Азия Кубогу өтөт

Спорт 0

Бишкек, 04.05.18. /Кабар/. 6нан 12-май күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында тогуз коргоол боюнча Борбор Азиянын VII Кубогу өтөт.

Алдын ала маалыматка ылайык, беш өлкөдөн келген спортчулардын катышуусу күтүлүүдө: Казакстан, Өзбекстан, Корея, Түркия жана Кыргызстан.

Эске сала кетсек, былтыр Бишкек шаарында өткөн Кубокто дээрлик 200гө жакын спортчу катышкан.

Аталган турнир Кыргызстандын улуттук курамасынын мүчөлөрү үчүн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн тандоонун алгачкы этабы болуп саналат.

Спорттук иш-чараны өткөрүү үчүн спорттун улуттук түрү боюнча дирекциядан 272 миң сом каралган.

Пикир

Оставить комментарий