• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек-Сеул – түз аба каттамды киргизүү мүмкүнчүлүгү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 04.05.18. /Кабар/. Кыргызстан жана Корея Республикасы эки мамлекеттин борборлорун байланыштырган түз аба каттамдарын киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Бул тууралуу бул өлкөдөгү КР элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ Сеулда Кыргызстандын Түштүк Кореядагы Кылычбек Султан Корея Улуттук ассамблеясынын депутаты, Кыргызстан менен кызматташуу боюнча достук тобунун төрагасы Ли Джонг Бае менен жолугушту.

Жолугушууда элчи маектешин Кыргызстандагы ички саясий кырдаал, Жогорку Кеңештин өсүп бара жаткан ролу жана КРдагы парламенттик башкаруу формасы жөнүндө маалымдады. Тараптар Кыргызстан жана Корея Республикасынын ортосундагы парламенттер аралык кызматташууну мындан аркы бекемдөө боюнча пикир алмашышты.

Мындан тышкары, пайда болгон бардык маселелер боюнча, Кыргызстандан Корея Республикасына келген эмгек мигранттарынын санынын өсүшү, эки өлкөнүн борборлорунун ортосундагы түз аба каттамдарынын ачылышын биргелешип чечүү жөнүндө макулдашуулар жетишилди.

Өз кезегинде Ли Джонг Бае Кыргызстан менен кызматташуу боюнча топтун төрагасы катары КРдагы окуяларга дыкат көңүл буруп турарын айтты. Ошондой эле парламенттин депутаты Кыргызстанга кызыгуусу бар экенин жана Кыргызстанга алдыдагы сапарларына жана белгилүү деңгээлде үйрөнүү үчүн кыргыз тилин окутуу боюнча атайын китеп сатып алганын билдирди. Анын айтымында, кыргыз жана корей тилдеринин айрым грамматикалык эрежелери жана сүйлөмдөрүнүн түзүлүшү окшош.

Пикир

Оставить комментарий