• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Интернетке тараган цирктин жаныбарларынын сүрөтү. Министрлик комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 16.05.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Салтанат Мамбетмусаева А.Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирктеги жаныбарлардын интернет желесине тараган сүрөтү боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, аталган факты боюнча тиешелүү текшерүү жүргүзүлгөн.

“Цирктеги жаныбарлардын соцтармакка чыгып кеткен сүрөттөрү боюнча министрлик тарабынан маалымат алынган. Алардын өмүрүнө коркунуч жок, ветеринардын дагы маалым каты бар”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, аталган маселе боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев дагы парламенттен сөз сүйлөп, зоопарк жана жаныбарларды колдонгон цирктерди жабууну сунуштаган.

Пикир

Оставить комментарий