• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте муфтияттын отчету угулуп, аймактагы диний абал талкууланды

Коом 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 16-февралда, VII чакырылыштагы Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин үчүнчү протоколдук жыйыны өттү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ошондой эле жыйында муфтияттын отчётун угуу, жылдык иш планды бекитүү, зекет, үшүр жана садака-фитирдин өлчөмдөрүн аныктоо, Борбордук текшерүү комиссиясынын курамын бекитүү жана башка бир катар маселелер талкууланды.

Аалымдар Кеңешинин курамы Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын, муфтийдин жана БТКнын 2021-жылдагы ишмердүүлүгүнө «Эң жакшы» деген жогорку баасын берди.

Мындан тышкары, 2022-жылга карата КМДБнын иш планы бекитилип, анын үстүнөн иштөө боюнча муфтийдин орун басарларына, бөлүм башчыларына бир катар тапшырмалар жүктөлдү.

Пикир

Оставить комментарий