• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Калк үчүн жаратылыш газынын баасы апрелде 14,37 сомду түздү

Коом 0

Бишкек, 5-апрель /Кабар/. Республиканын калкы үчүн 1 м3 жаратылыш газынын баасы 2017-жылдын апрелине карата 14,37 сомду түздү.

Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өнөр жай ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар үчүн бардык салыктарды эске алуу менен - 1 м3 үчүн 17,62 сом, сатуудан түшкөн салыктарды эске албаганда 1 м3 17,46 сомду түзөт.

2017-жылдын 1-апрелине карата доллардын расмий курсу 68,57 сом/долларды түздү.

Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 15-июнундагы “Калк үчүн жаратылыш газына болгон баа жөнүндө”, “Өнөр жай ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар үчүн жаратылыш газына болгон баа жөнүндө” буйругуна ылайык, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы ай сайын АКШ долларынын расмий курсу боюнча бааларды кайра эсептеп чыгууга милдеттүү.

Пикир

Оставить комментарий