• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Жалал-Абад мэриясы: Мал-жандыгын кароосуз калтыргандарга айып салынат

Аймак 0

Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын аймагында мал-жандыгын кароосуз калтыргандарга айып салынат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаар аймагында кароосуз жүргөн мал-жандыктарды камоочу жай уюшулуп, бош жүргөн мал кармалууда. Учурда аталган жайда кулундуу бээ кармалып турат.

“Мал-жандыгын кароосуз калтырган жарандарга КР Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 124-беренесинин негизинде 5,5 миң сом айып салынат”, - деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абад мэриясы жарандардан алар жашаган аймактарда кароосуз жүргөн мал-жандыктар байкалса, төмөндөгү номерлерге кабарлап коюуну өтүнөт: 0778-62-02-05

Пикир

Оставить комментарий