• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук соту башка имаратка көчүрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 02.04.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук соту башка имаратка көчүрүлдү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, Жогорку соттун аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев, Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериков жана аймактагы жергиликтүү соттордун төрагалары жана судьялар, сот ардагерлери, аксакалдар сотунун, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышышты.

Замирбек Базарбеков сот тутумун материалдык-техникалык жактан камсыздоону жогорулатуу жана сот адилеттигин сапаттуу жүзөгө ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү бул сот реформасынын багыттарынын бири экендигин айтты.

“Белгилүү болгондой, сотторду ротациялоодон кийин эле мен жергиликтүү сотторду кыдырып, имаратардын абалы, кызматкерлердин иштөө шарттары менен жакындан таанышып чыккам.

Республикадагы көпчүлүк соттордо иш бөлмөлөрдүн жетишсиздиги, судьялар менен аппарат кызматкерлеринин бир бөлмөдө кысылып отурушу, архив көйгөйү, имараттардын эскилиги жана жараксыздыгы сыяктуу бир катар маселелер бар экендигин көрүп чыктым.

Мына ушундай эле көйгөй Ысык-Көл райондук сотунда бар болчу. Сот отурум залдарынын жетишсиздиги, архивдерди жайгаштырууга бөлмөлөрдүн жоктугу судьялар менен аппарат кызматкерлери үчүн ыңгайсыздыкты жаратып келген.

Аталган райондук соттун жамааты менен болгон жолугушууда башка имараттарды караштыруу маселеси көтөрүлүп, тийиштүү тапшырмаларды дароо бергем.

Бүгүн Ысык-Көл райондук соту аянты кенен, имараттын жайгашкан жери дагы ыңгайлуу экенин өзүңүздөр көрүп турасыздар.

Эми бул административдик имаратта 6 судья, 17 аппарат кызматкери, 7 техникалык жана кенже тейлөө персоналдары эмгектенишмекчи.

Сот имаратында медиаторлор үчүн жана жашы жете элек өспүрүмдөр үчүн дагы бөлмөлөр каралган.

Биздин негизги максат – адилет, ачык, калыс, көз карандысыз жана жоопкерчиликтүү сот бийлигин түзүү жана бул үчүн биз бардык аракеттерди көрүп жатабыз.

Максат оңдоп-түзөө десе эле актап сырдоо эмес, сот имараттарын иш алып барууга ыңгайлаштырып, келген тараптарга тийиштүү шарттарды түзүп берүү.

Ал эми бүгүн Ысык-Көл райондук соту башка имаратка кирип жатканы Чолпон-Ата шаары үчүн гана эмес, жалпы сот тутуму үчүн чоң жетишкендик деп эсептейм”, - деп билдирди Замирбек Базарбеков.

Белгилей кетүүчү жагдай, бул эки кабаттуу административдик имарат алгач Ысык-Көл райондук ооруканасынын төрөт бөлүмүнө ылайыктыштырылып, 1979-жылы салынган.

Ал эми 2008-жылдын 15-августунда Ысык-Көл-Нарын облустар аралык айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгына жаңыланган имарат катары пайдаланууга берилген.

Кийин Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына өткөрүлүп, үч миллион сомдон ашык суммага оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий