• 88.68
  • 95
  • 0.95

Елабугадагы объектилерге болгон учкучсуз аппараттардын кол салуусунан кыргызстандык жаракат алды

Кырсык 0

Бишкек, 02.04.24. /Кабар/. Татарстандын Елабуга шаарында жайгашкан объектилерге болгон учкучсуз аппараттардвн кол салуусунан улам алты адам жабыркады. Анын бирөөсү 2007-жылы туулган И.А.Б. аттуу Кыргызстандын жараны. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал орто жаракат алган.

Кыргызстандын Казань шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери бүгүн жаракат алган КР жаранынын ден соолугунун абалы тууралуу кабар алышат барышат.

Кошумчалай кетсек, шейшембиде Елабуга жана Нижнекамск шаарларындагы ишканаларга учкучсуз учуучу аппараттар тарабынан чабуул жасалган. Олуттуу зыян келтирилген эмес, ишканалардын технологиялык процесси бузулган эмес. Жабыркагандарга зарыл болгон жардамдар көрсөтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий