• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери 103 жашында каза болду — некролог

Аймак 0

Бишкек, 08.08.23./Кабар/. Ошто 2023-жылдын 8-августунда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Суранбай Алиев 103 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Алиев Суранбай 1920-жылдын 10-майында Ош облусунун Алай районуна караштуу Жошолу селолук советинде жарык дүйнөгө келген.

Мектеп жашына жеткенде Жошолу айылындагы баштооч мектептен сабаты ачылган.

Колхоздоштуруу мезгилинде өспүрүм кезинен баштап, жыйырма жашка чейин колхоз жумушуна иштеген.

1941-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушка аттанган. Согуш мезгилинде Советтер Союзунун Саратов, Волгоград, Калининград, Ростов-на-Дону шаарларын коргоого жана бошотууга катышкан.

1944-жылдын декабрь айында немецтик фашисттер менен болгон катуу кармашта оң колунан оор жаракат алып, госпиталга жаткырылып, андан кийин мекенине кайтып келген. Кандуу согуштан кайтып келип, туулган айылындагы колхоздо кампачы, бир нече жылдар бою чабан, жылкычы болуп эмгектенип, Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр совхозунда малды бордоп семиртүү комплексинде эмгектенген. Мал чарбасын өнүктүрүүгө зор салым кошуп, 1986-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

Немецтик баскынчыларга каршы согушта көрсөткөн эрдиги үчүн бир нече орден, медалдар менен сыйланган. 9-Май улуу Жеңиш күнүнө карата өткөрүлгөн салтанатта эки ирет Кыргыз Республикасынын Президентинин, 2019-жылы Россия Федерациясынын Президенти В.В.Путиндин атайын сыйлыктары менен сыйланып, Москва шаарына сыйлуу конок катары чакырылып, республиканын ичинен барган 12 ардагер менен бирге майрамдык салтанатка катышып келген.

Өмүрлүк жары Мырзаева Мария экөө 4 уул, 4 кыздын ата-энеси болуп, 80 ге жакын небере-чеберенин бактылуу чоң атасы болгон. Суранбай атабыздын уул-кыздары баары жогорку билимге ээ болушуп, кесипкөй адис катары бүгүнкү күндө өлкөбүздүн ар кайсы тармактарында эмгектенип, мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө салымдарын кошуп келе жатышат.

Ардагер атабыздын кадыр-баркы районубуздун гана ичинде эмес, коңшу райондордо да баркталып, Кара-Суу районундагы Шарк айыл өкмөтүнүн Медресе айылынын № 5 көчөсүнө Алиев Суранбай атындагы көчө деп берилген.
Ардагер атабыз бүгүнкү күнгө чейин эл арасында болуп, жаштарга жана өзүнөн кийинки муундарга өзүнүн баалуу кеп-кеңешин, акыл-насааттарын айтып, өрнөктүү өмүр сүрдү.

Алиев Суранбай атабыздын үй-бүлөсүнө, балдарына, небере-чөбөрөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын бөлүшөбүз. Ардагер атабыздын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталып, урпактан урпактарга чейин сыймыктануу менен эскерип жүрөбүз.

Суранбай атабыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болуп, жараткан бейишинен орун берсин.

Э.Н.Джантаев, У.И.Манапов, З.Т.Тургунбаев, Э.М.Толтоев, С.Самидин уулу, А.К.Карашов, Б.А.Нурумбетов, О.К.Акимбаев, А.М.Мырзакаримова, Ж.М.Жоробеков, А.М. Махаммадов, С.Д. Кулубаев, Т.А.Сатыбалдыев, Б.А.Осмонов, Ы.З.Качыбеков, А.А.Эгемжарова, А.А. Рахманова, Р.А.Кубаталиев, Д.Ж.Баатыров, Н.А.Токонбаев, Ж.И.Колдошов.

Пикир

Оставить комментарий