• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент коргонуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизди

Президент 0

Бишкек, 08.08.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын коргонуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамда Кыргыз Республикасынын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын ченемдерине Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык келтирүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, коргоо жана аскердик коопсуздук боюнча коргонуу маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарын аныктоо, Куралдуу Күчтөрдүн курамын жана милдеттерин өзгөртүү, ошондой эле кайталануучу, эскирген жана коррупциялык ченемдерди алып салуу каралган.

Ошондой эле, кабыл алынган Мыйзам менен «Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди, ага ылайык мобилизациялык органдар жөнүндө Жобо Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.

Ошону менен бирге, аталган Мыйзам менен «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына офицердик курамдын аскер кызматчыларынын аскердик кызматта болуусунун чектүү курагын көбөйтүүсү, 30 жашка чейинки аскерге милдеттүүлөрдүн (биринчи категориядагы запаска каттоого алынгандардын жана жогорку билими бар) запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүсүн караган бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилди, аларды аяктагандан кийин аскерге милдеттүүлөргө запас боюнча офицердик курамдын «кенже лейтенант» биринчи аскердик наамын ыйгаруусу, ден соолугунун абалы боюнча чектөө даражасына ээ адамдарды альтернативдик кызматка чакыруусу боюнча өзгөртүүлөр киргизилди.

Кабыл алынган Мыйзам менен «Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына укук коргоо органдарынын күчтөрү жана каражаттары аларды чечүү үчүн жетишсиз болгон учурда кризистик кырдаалдардын алдын алуу жана жеңүү боюнча иш-чараларга Куралдуу Күчтөрдүн катышуусун караган ченемди алып салуу бөлүгүндө өзгөртүүлөр киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий