• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

КМШ оюндары. Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы Азербайжанды 5:2 эсебинде жеңди

Спорт 0

Минск, 08.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курама командасы (U19) Беларустун Минск шаарында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында Азербайжандын командасын утту.

Мелдеште азербайжандык команда 5:2 эсебинде жеңилүү ызасын тартты.

Оюндун биринчи минуталарында Азербайжандын командасы эсепти ачып, бирок, биринчи таймдын ортосунда Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Батырхан Жумадилов эсепти теңеп, биринчи голду киргизди. Андан көп өтпөй Жумадилов кайрадан атаандаштын дарбазасына экинчи голду киргизип, эсепти 2:1ге өзгөрттү. Биринчи таймдын акыркы секундаларында азербайжандык футболчулар экинчи гол киргизди, ошентип эсеп 2:2.

Ал эми экинчи таймдын биринчи минуталарында кыргызстандык футболчу Канат Садыков эсепти 3:1 теңеп, үчүнчү голду киргизди.

Экинчи таймдын ортосунда Ислам Туратбеков 4 голду киргизсе, андан көп өтпөй Батырхан Жумадилов кайрадан топту атаандаштарынын дарбазасына тээп, эсепти 5:2ге жеткирди.

Кыргызстандын футзал боюнча командасы эртең, 9-августта Беларустун командасы менен оюн өткөрүп, ал эми 12-августта Өзбекстандын командасы менен кез келет.

Белгилей кетсек, кыргыз-азербайжан оюнуна Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрмек Ибраимов катышты. Элчи Кыргызстандын командасынын күчтүү экендигин белгилеп, спортчуларга ийгилик каалап өттү.

Эскерте кетсек, ушул тапта Беларустун 10 шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары өтүп жатат. Оюндарга спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышууда.

Аталган мелдештерде ошондой эле 200дөн ашуун кыргыз спортчусу спорттун 17 түрү боюнча күчүн сынап жатат. 4-августта башталган оюндар 14-августта жыйынтыкталмакчы.

Пикир

Оставить комментарий