• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Лейлекте унаадан Афганистанда өндүрүлгөн 5 кг гашиш баңгизаты табылды

Аймак 0

Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. Баткендин Лейлек районунда унаадан Афганистанда өндүрүлгөн беш кг гашиш баңгизаты табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Афганистанда өндүрүлгөн баңгизаттардын Кыргызстанга келип түшүү каналына бөгөт коюшту.

Атайын тергөө аракеттерин өткөрүү учурунда Баткен - Исфана жолунан К.Э. аттуу жарандын башкаруусундагы “ДЭУ-Нексия” үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Аталган унаага тинтүү жүргүзүүдө арткы отургучунан Афганистанда өндүрүлгөн жалпы салмагы 2 кг түзгөн, эки таңгак гашиш (чарс) баңгизаты табылып алынган.

Бул ишке маанилүү болгон далилдерди жок кылуу коркунучу бар болгонуна байланыштуу ошол эле күнү Лейлек районунун Арка-2 айылында К.Э. аттуу жаран жашаган үйгө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, короосундагы кум үймөгүндө көмүлүп катылган үч таңгак гашиш (чарс) баңгизаты табылып алынган. Табылган гашиш баңгизатынын жалпы салмагы беш килограммды түздү.

Кармалган жаран К.Э. Ош шаарындагы №5 тергөө абагына киргизилди.

Учурда атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий