• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Корея суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 13.07.22. /Кабар/. КР президентинин аппаратынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов башында турган КР өкмөттүк делегациясы «K Water» корпорациясынын (Корея Республикасы) жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптар суу ресурстарын башкаруу, сууну пайдаланууга жаңы технологияларды киргизүү, ирригация, суу сактагычтарды, кичи ГЭСтерди куруу жана эксплуатациялоо боюнча кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты. Көрсөтүлгөн технологиялар калкты ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртат (региондордо) жана суунун агып чыгышын жөнгө салууга өбөлгө түзөт.

КР президентинин администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов белгилегендей, Кыргызстандын азыркы президенти өлкөнүн суу ресурстарынын болгон потенциалын сарамжалдуу пайдалануу маселесине өзгөчө маани берет.

«Кыргызстан сууну жөнгө салууда илимий мамилеге өтүүгө кызыкдар. Бул контекстте суу тармагы Корея менен кызматташуунун негизги багыттарынын бири боло алат», - деди ал.

Өз кезегинде кореялык тарап Кыргызстанда бул багытты комплекстүү изилдөө жана эксперттик деңгээлде тажрыйба алмашуу үчүн экспедициялык топ түзүүнү сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында ушул жылдын июль айынын аягында « K Water » корпорациясынын өкүлдөрүнүн Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу тууралуу макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий