• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрөбаев: Аялдардын ишкердиги – бул коомду өзгөртө ала турган кыймыл

Өкмөт 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. Аялдардын ишкердиги – бул жөн гана экономикалык демилге эмес, бул коомду өзгөртө ала турган кыймыл. Мындай пикирин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө арналган «EXPO Аялдардын ишкердиги – 2023» иш-чарасында билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Төрөбаев бул сыяктуу иш-чаралар аялдар үчүн жумуш ордун көбөйтүүгө жана улуттук экономиканын кирешесинин жогорулатууга түрткү берүүчү аялдар ишкердигин өнүктүрүүгө олуттуу көмөк көрсөтөт деп белгиледи.

«Аялдардын ишкердиги – бул жөн гана экономикалык демилге эмес, бул коомду өзгөртө ала турган кыймыл. Бүгүнкү иш-чара бардык аялдар үчүн адилеттүү жана коопсуз коомго карай кадам болсун», - деди ал.

Белгилей кетсек, EXPOго Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан 273 адам катышты. EXPOнун расмий программасынын алкагында ишкер айымдар шыктандыруучу окуялары менен бөлүшүп, кызыктуу мастер-класстарга катышып, ал эми 12 ишкер айым инвесторлор тобуна өздөрүнүн бизнес долбоорлорун сунуштап, бизнесин өнүктүрүү жана кеңейтүү үчүн инвестиция тартуу боюнча бизнес жолугушууларга катышты. Эки финалист Кыргыз Республикасынын атынан чыгып, 2024-жылдын июнь айында Стамбулда өтүүчү аймактык EXPO Capital Quest көргөзмөсүндө эл аралык инвесторлордун кеңири аудиториясына өздөрүнүн бизнес долбоорлорун сунуштоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Маалымат үчүн: «EXPO Аялдардын ишкердиги» – бул Кыргыз Республикасында үчүнчү жыл катары менен өтүп жаткан иш-чара жана ар кайсы аймактардагы жана экономика тармактарындагы ишкер аялдардын башын бириктирет. Иш-чараны Кыргыз Республикасынындагы «БУУнун Аялдар» түзүмү өкмөттүн, эл аралык, каржы секторунун өкүлдөрү менен, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөө институту, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Accelerate Prosperity өкүлдөрү менен биргеликте тыгыз кызматташтыкта уюштурган.

Пикир

Оставить комментарий