• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түп районундагы үч айылда катуу сел жүрдү (видео)

Кырсык 0


Бишкек, 07.08.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра айыл аймагына караштуу айылдарда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-августта болжол менен саат 16:00дөр чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Талды-Суу, Көчү, Корумду айылдарын каптаган.

Жеринде маалыматты тактоо, аныктоо максатында Түп райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган. Учурда аталган айылдарда 41 куткаруучу иш алып барууда. Мында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 1 жүктөгүчү жана 3 экскаватору тазалоо иштерин аткарып жатат.

Ал эми сел сууларын тазалоо үчүн Балыкчы, Каракол шаарларынын суу сордуруучу мотопомпалары жана авариялык-куткаруу унаасы, оор жүк ташуучу 3 ХОВО унаасы тартылды.

Жериндеги абалдан кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий