• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров ЖЭБдеги кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча бир катар тапшырмаларды берди

Өкмөт 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы - президенттин аппаратынын жетекчиси Акылбек Жапаров штаттык эмес кырдаал болгон Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборуна барып, абал менен жеринде таанышты.

Ыкчам штабдан билдиришкендей, ал оперативдүү штабдын жыйынын өткөрүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

Тактап айтканда, Энергетика министрлигине Бишкек шаарынын мэриясы менен бирдикте оперативдүү штабды жетектеп, саат 17:00дө болгон окуянын себептери жана ЖЭБдин толук кандуу иштеши үчүн мындан аркы иш-чаралардын планы боюнча бардык маалыматтарды берүү милдеттендирилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине ЖЭБдин бузулган объекттерин калыбына келтирүү иштерин баштоо тапшырылды.

Саламаттык сактоо министрлигине ЖЭБдин жабыркаган жумушчуларына керектүү медициналык жардам көрсөтүүнү өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырылды.

Каржы министрлигине калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды тез арада бөлүп берүү тапшырылды.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, учурда жарандардын батирлерин жылуулук менен камсыз кылуу жана мындай жагдайлардын кайталанбашы башкы милдет болуп саналат.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан.

Аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлгөн. Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, кырсыкка байланыштуу буга чейин КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана энергетика министри Таалайбек Ибраев чет өлкөдөгү иш сапарларын үзгүлтүккө учуратып, Бишкекке кайтып келишкен.

Президент Садыр Жапаров ЖЭБдеги абалды жеке көзөмөлүнө алып, кийин ЖЭБди калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып, тез арада үйлөрдү жана социалдык объектилерди жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүүнү тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий