• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президент Садыр Жапаров ЖЭБдеги кырдаал боюнча комментарий берди

Президент 0

Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборунда 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө айрым жабдуулардын толук кандуу ишинин бузулушуна алып келген штаттык эмес кырдаал катталды. Учурда жеринде тиешелүү орган жетекчилери жана кызматкерлер иш алып барууда. Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине ЖЭБдеги кырдаал боюнча комментарий берди.

— Саламатсызбы Садыр Нургожоевич? Бишкек ЖЭБиндеги кырдаал боюнча суроолорубузду узатсак. Учурдагы абал кандай?

— Саламатчылык. Абал оор эле. Жарылуу түнкү саат 03:00дөр чамасында болду. Мен уктай элек болчумун. Энергетика министринин үч тараптуу жолугушуусу бар эле, Ташкентте жүргөн. Мэр болсо чет өлкөдөн учуп келе жаткан. Түнкү саат үчтөр чамасында: “Аэропорттон шаарга келе жатам, ЖЭБде жарылуу болуптур, ошол жакка кетип жатам” деп мага чалды. Мен дароо өзгөчө кырдаалдар министрин, саламаттыкты сактоо министрин ойготуп, ал жакка жөнөттүм.

Энергетика министрине телефон чалып: “Бишкекке учуңуз!” деп буйрук бердим. Кыскасы, таң атканча кырдаалды жөнгө салганга аракет кылдык. Эртең менен дагы барып кеттим.

Азыр эми оор абалдан чыгуу жагына бет алдык. Кудай буюрса, жакынкы убактарда кырдаалдан чыгып кетебиз.

— ЖЭБде авария катталганы тууралуу маалымат чыгары менен коомчулук 2018-жылдагы аварияны эстешти. Ал кезде ЖЭБди модернизациялоо менен байланыштырышты эле. Андан бери алты жыл өттү. Ошол кездегидей окуянын кайталанышына эмнеге жол берилди? Жылуулук борборунда дагы деле жыл сайын ремонттоо иштери жүрүп турабы? Же модернизациялоо иштеринен кийин боло элек беле?

— Бул ЖЭБ 1961-жылы ишке берилген экен. Менден да улуу экен. Анан эми темир болсо да өзүнүн мөөнөтү бүтчү убактысы бар да. Баары эскилиги жеткен. Жылда жайдын күнү ремонт иштерин жасап, кышка даярдык көрүп, иштетип келе жатабыз.

— Азыр айрымдар авария ЖЭБдин эски бөлүгүндө болду, эгер модернизация болуп, жаңы блоктор курулбаганда кырдаал азыркыдан дагы алда канча кыйын болмок деп айтып жатат. Башкача айтканда, модернизация болгону туура эле болгонбу?

— Ооба, авария эски бөлүгүндө болду. Кептин баары ушул жерде жатат. 386 миллион долларга чала-була бирдеме кылбастан, эски ЖЭБди ийне-жибине чейин оңдоп койсо болмок. Же кошуна өлкөдөгүдөй 300 миллион долларга жаңы ЖЭБ куруп коюш керек эле.

Ал эми жаңы блоктор курулбаганда абал мындан оор болмок дегендер – бет тырмарлык кылгандар. “Кылгылыкты кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп”, мыйыгынан күлүп олтургандар. Азыр эми ЖЭБди толугу менен модернизациялоого тапшырма бердим. Албетте, чоң сумманы талап кылат. Айла жок, каражат булактарын издеп табабыз да эми.

— Шаар тургундары Бишкектеги ышты ЖЭБдин иши менен байланыштырып келишти эле. Бирок, быйыл ыш каптоо дээрлик байкалган жок. Демек, буга ЖЭБдин тиешеси жокпу?

— Албетте, ышка ЖЭБдин да тиешеси бар. Анткени буга чейин Кара-Кеченин көмүрү жагылып келген. Толук бышпаган көмүр. Кубаттуулугу же башкача айтканда, калориялуулугу 3800 Ккал/кг. Биз былтыр Шабыркүл көмүрүн алалы деп түздөн-түз Шабыркүл көмүрүн алганбыз. Таза көмүр, калориялуулугу 5500 Ккал/кг. Эми мен адис эмесмин. Бирок, ошентсе да күчтүү көмүр экенин эске албай Кара-Кеченин көмүрүн жаккандай эле жага беришип, температура көтөрүлүп кетип жарылуу болдубу деген ойдо турам. Борбор шаарыбызда быйыл ыштын аз болгондугу дагы таза көмүр жаккандыктан болду.

Маектешкен "Кабар" КУМА директору Медербек Шерметалиев

Пикир

Оставить комментарий