• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 11.08.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мыйзамдын негизги максаты сатып алуучу уюмдар тарабынан мамлекеттик каражаттардын өтө аз көлөмүн пайдалануу менен талап кылынган сапаттагы сатып алуулар предметин сатып алуу болуп саналат.

Мыйзам мамлекеттик ишканалар тарабынан сатып алууларды жүргүзүүнүн өзгөчө тартибин караган глава менен толукталган.

Ошондой эле мыйзамга укуктук карама-каршылыктарды жоюуга багытталган жана мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жакшыртууга багытталган башка өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий