• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Садыр Жапаров “БА мамлекеттери – Кытай” онлайн-саммитинде сөз сүйлөдү

Президент 0

Бишкек, 25.01.22. /Кабар/. «Бүгүн биз мамлекеттерибиздин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө негизделген мамилелер жогорку деңгээлде экенин ишенимдүү айта алабыз», — деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-январда, дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата өткөн Борбордук Азия жана Кытайдын мамлекет башчыларынын онлайн-режимдеги саммитинде.

Мамлекет башчысы Борбордук Азия мамлекеттеринин, анын ичинде Кыргызстан жана Кытай Эл Республикасы менен дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чара БА элдери үчүн маанилүү окуя болуп саналарын белгиледи.

«Заманбап дүйнөлүк түзүлүш терең кайра куруу мезгилин башынан өткөрүп жатат жана аймактык коопсуздук, туруктуулук маселелери боюнча биздин иш-аракеттерибизди координациялоо, саясий, экономикалык, соода жана турмуштун башка маанилүү чөйрөлөрүндө кызматташууну чыңдоо зарылдыгын талап кылууда. Кытай Эл Республикасы аймактык коопсуздукту чыңдоо, Борбордук Азия мамлекеттеринин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө ар тараптуу жардам көрсөтүү, ынтымактуу жанаша жашоо жана эл аралык абалдын стабилдүү болушу үчүн демилгелерди көтөрүү жана аларга көмөк көрсөтүү үчүн чоң күч-аракетин жумшап жатат», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент 30 жыл мурун, 1992-жылдын январында, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлганын эске салды. Биргелешкен коммюникеде белгиленген эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү өз ара урматтоо, кол салбоо, ички иштерге кийлигишпөө, тең укуктуулук жана пайда көрүү, тынчтыкта жанаша жашоо принциптери бүгүнкү күнгө чейин кыргыз-кытай мамилелеринин негизин түзөт.

Садыр Жапаров белгилегендей, бул жаатта эки өлкөнүн чек ара маселелери толук чечилип, 1996 жана 1999-жылдардагы келишимдер менен мыйзамдуу түрдө жолго коюлганы чоң жетишкендик болду.

Бүгүнкү күндө мамлекеттер аралык чек ара Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы бөлүүчү сызык эмес, эки элибиздин ортосундагы ынак коңшулаштыктын жана достуктун көпүрөсү болуп саналат. Өз ара аракеттердин аркасында кызматташтыктын бекем пайдубалы түптөлдү.

Мындан сырткары, Мамлекет башчысы эки тараптуу мамилелердин негизги документи болуп 2002-жылы кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишим саналарын кошумчалады. Бул Келишим мамлекеттик жана гуманитардык деңгээлдеги байланыштарды активдештирүүгө чоң түрткү берди.

«Байланыштарды өнүктүрүү жана чыңдоо 2013-жылы өлкөлөрүбүздүн мамилелерин таптакыр жаңы деңгээлге чыгарды. 2019-жылы кол коюлган Ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүү боюнча биргелешкен декларация Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда биздин элдерибиздин ортосундагы ынак коңшулукка жана достукка тоскоол болгон кандайдыр бир маселелердин жоктугун тастыктайт.

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү өлкөбүзгө ар тараптуу колдоо жана жардам көрсөтүп келет», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ал кытай капиталынын катышуусу менен өлкөдөгү транспорт, энергетика, саламаттыкты сактоо, ирригация, билим берүү, социалдык объектилерди куруу жана башка ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылганын белгиледи. Бул долбоорлор биздин бакубат жашообуз үчүн чоң социалдык-экономикалык мааниге ээ.

Аны менен бирге, президент Садыр Жапаров кытай тарапка жана Борбор Азия мамлекет башчыларына БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын жалпы дебаттарында демилгеленип, БУУнун 2022-жылды «Туруктуу тоолорду өнүктүрүүнүн эл аралык жылы» деп жарыялоо жана ЮНЕСКОнун «Тоо мөңгүлөрүнүн мониторингин жана изилдөөсүн күчөтүү» резолюцияларын колдоого алып жана биргелешкен демөөрчүлүк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий