• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ШКУ саммитин өткөрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн бир катар жарандар мамлекеттик сыйлактарды алды

Президент 0

Бишкек, 29.08.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйналышын даярдоого жана өткөрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды:

«Даңк» ордени менен:

- Тилегенов Бактыбек Сабырович – Бишкек шаардык мэриясынын маданият башкармалыгынын эл аспаптар оркестринин башкы дирижеру;

«Кыргыз Республикасынын эл артисти» ардактуу наамы:

- Осмоналиев Рахатбек Муталиповичке – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы А. Джумахматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин кɵркɵм жетекчиси жана башкы дирижеруна;

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» ардактуу наамы:

- Абдубачаев Рысбек Исмаилбековичке – А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солистине;

- Абдыралиева Чынара Мелисовнага – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы Эл аспаптар академиялык оркестринин артистине;

- Бабич Юлия Алексеевнага – А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын вокал боюнча концертмейстерине;

- Бейшеев Талайбек Сабыровичке – композитор, «Аура» тобунун жетекчисине;

- Жеенбаев Мурзали Тɵлɵновичке – Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ага окутуучусуна;

- Надырбек уулу Канатка – Мамлекеттик академиялык Мария театрынын Приморск филиалынын балет артистине;

- Раимбекова Жамиляга – Германия Федеративдүү Республикасынын Росток шаарындагы Фолькстеатр опера театрынын солистине;

- Ысманов Жеңишбек Эргешбаевичке – Италия Республикасынын Модена шаарындагы Л. Паваротти атындагы «Комунале» театрынын солистине;

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу» ардактуу наамы:

- Сайрамбаев Досжан Шамшыковичке – «КапиталБилдингЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомунун директоруна;

«Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамы:

- Зайнидин уулу Уланга – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын адабий бɵлүмүнүн башчысына;

- Суеркулова Ирина Балтабаевнага – К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын кыргыздын салттуу элдик аспаптары кафедрасынын ага окутуучусуна;

- Чилетиров Жаныбек Жеенбаевичке – «Жаш кыял» элдик үлгүлүү бий ансамблинин жетекчиси жана башкы балетмейстерине;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:

- Абдраимов Алмазбек Алпамышович – Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын телеоператорлор чыгармачыл секциясынын жогорку категориядагы башкы телеоператору;

- Абдыбеков Жолдошбек Асанбекович – Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Маалымат» чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмесинин жогорку категориядагы режиссеру;

- Абласова Жанар Бериковна – П.Ф. Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинин хор бɵлүмүнүн башчысы, вокал мугалими;

- Айдарбеков Айбек Акматбекович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;

- Амантуров Мирлан Казылаевич – Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын начальниги;

- Асанбекова Лейли Нурлановна – пианист, Бишкек шаары;

- Дурусалиев Жумадыл Медетбекович – скрипач, Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Королдук филармониялык оркестринин солисти;

- Жакыпбеков Нусубалы Эшмукамбетович – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблинин артисти;

- Жолдошева Эльнура Шаршембиевна – Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын директору;

- Жоомартова Шекерхан Абдиллаевна – Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайынын окутуучусу;

- Камытбеков Эрлан Шабданович – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын «Ак-Марал» мамлекеттик бий ансамблинин балет артисти;

- Кочконов Казыбек Маматкасымович – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси – Кыргыз Республикасынан Шанхай кызматташтык уюмунун улуттук координатору;

- Курмангалиев Жумакадыр Билалович – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Улуттук маданият борборунун башкы директору;

- Сапожникова Ирина Константиновна – Мамлекеттик академиялык Мария театрынын Приморск филиалынын прима-балеринасы;

- Шаршеналиева Анаркүл Сурахматовна – А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жогорку категориядагы хор солисти.

Пикир

Оставить комментарий