• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ат-Башыга кайрымдуулук фонду тарабынан 4 кычкылтек концентратору берилди

Аймак 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Ат-Башыга кайрымдуулук фонду тарабынан 4 кычкылтек концентратору берилди. Бул тууралуу Ат-Башы райондук администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

“Учурдагы кырдаалда, эли үчүн колун сунган демөөрчүлөр тарабынан жардамдар келүүдө. Тактап айтсак, 13-июль күнү Ат-Башы айылынын 1992-жылкы эр-азаматтарынын демилгеси менен "Жашоо булагы" кайрымдуулук фонду тарабынан 4 кычкылтек аппараты келди”, - деп айтылат маалыматта.

Келген кычкылтек концентраторлорунун 2 даанасы Ак-Жар айыл өкмөтүнө берилсе, 2 даанасы Ат-Башы райондук штабка тапшырылды.

Демөөрчүлөргө жана демилгечилерге Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы терең ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий