• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Эсептөө палатасынын кызматкерлери кичинекей кыргызстандыктарды куттукташты

Коом 0

Бишкек, 01.06.23. /Кабар/. Бүгүн Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө КР Эсептөө палатасынын эмгек жамааты Бишкек шаарындагы "Акниет" оор кырдаалдагы балдар борборуна барып, белектерди берип, куттукташты.

Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов, аудитор А. Рыскулиев, аппарат жетекчиси Б. Осмонов, Профсоюз комитетинин төрагасы З. Утуров жана башка кызматкерлер бул жатак-мектебине барышып, балдарга жаркын маанай, шаттуу күн тартуулаган майрамы менен куттукташып, жакшы каалоо-тилектерин айтышты.

Эсептөө палатасынын төрагасы өз сөзүндө ар бир бала коргообузга, мээримибизге муктаж экенин белгиледи.

Чыгып сүйлөгөндөр балдарга туура тарбия берип, илим-билимге сугарган, келечекте алардын мыкты инсан болуп чыгышына болгон күч-аракетин жумшаган, алар үчүн билимин жана өмүрүн арнаган мугалимдерге ыраазычылык билдиришти.

Ошондой эле Эсептөө палатасынын кызматкерлери өз каражаттарына сатып алган, белектерди – телевизорлор, кондиционер, китептерди, таттууларды, мөмө жемиштерди, кеңсе товарларын беришип, балдарды жана анын мугалимдерин, тарбиячыларын сүйүнтүштү.

Аталган борбордун директору Мукарам Атамырзаева биринчи жолу мындай белектерди алып жатканын айтты.

“18-жылдан бери эмгкетенип келем, бирок демөөрчүлүлөрдөн мындай жардам ала элек болчубуз. Убактыңыздарды бөлүп бизге келип жатканыңыздарга аябай кубанычтабыз. Сиздердин ишиңиздерге ийгилик каалайбыз”, — деди Атамырзаева.

Эсептөө палатасы буга чейин да Ысык-Ата районунун Красноречка атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектебинин окуучуларына компьютерлерди, эмеректерди жана килемдерди жардам катары беришкен. Мындай жардам берүү майрам күндөрү гана болбостон башка учурларда да боло берээрин аппарат жетекчиси Нурпаис Осмонов баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий