• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр: Тергөө тобу түзүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 24.07.19. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы чырга байланыштуу атайын тергөө тобу түзүлдү, - деп билдирет Баткен облустук ИИБнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун прокурору Абдибакыт Халмурзаевдин токтому менен аталган жазык ишинин коомдук маанилүүлүгүн, ошондой эле толук обьективдүү текшерүү үчүн Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жана Баткен район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн тергөөчүлөрүнөн турган атайын тергөө тобу түзүлдү.

"Жабырлануучулар сурак берип, соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-балестикалык, соттук-медико криминалистикалык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстан Республикасынын вице-премьер-министри Азим Иброхим кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара участогунда болуп өткөн окуя боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар окуяны биргелешип иликтөө жөнүндө чечим кабыл алышты. Мындан тышкары тараптар биргелешип күзөтүүгө, ошондой эле эки мамлекеттин калкы арасында түшүндүрүү иштерин улантууга макулдашышты.

Жергиликтүү бийлик органдары кырдаалды көзөмөлдөө жана мониторинг жасоо иштерин улантышууда.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы окуя кечээ, 22-июль күнү болжол менен саат 17:30да болгон. Тажикстандын Исфара районунун Ворух айылынын тургундары мурда "Аксай" деген жазуу турган жерге желек орнотоюн деген. Ал нерсе Кыргызстандын жарандарынын нааразычылыгын туудурган. Эки тарап бири-бирине таш ыргытып, ок ата баштаган. Жыйынтыгында 15 киши жаракат алган. Жаракат алгандардын арасында милиция жана чек ара кызматынын кызматкерлери бар. Жабыркагандардын баардыгы Баткен биргелешкен ооруканасына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий