• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзгөндө эки кабаттуу сарай өрттөнүп, бир адам күйүк алды

Кырсык 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Өзгөн районунун Байсейит айылында эки кабаттуу сарай рттөнүп, бир адам күйүк алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эки кабаттуу жыгач устундуу тунике менен жабылган 50 чарчы метр сарай толугу менен күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 1986-жылы туулган И.У. аттуу эркек киши мойнунан жана колунан күйүк алган жана тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий