• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аксыда жарандарга ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Жалал-Абаддын Аксы райондук ички иштер бөлүмү тарабынан эл арасында ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милиция кызматкерлери президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрүшүүдө.

Анда курулай намыстанып, бири-бирине атаандашуу менен материалдык чыгымдарга кептелбей, туура эмес ырым-жырымдардан арылуу керектиги эскертилди.

Ошондой эле жарандарга бул багытта милиция жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташуу зарылдыгы айтылып, президенттин жарлыгынын аткарылышына кайдыгер карабоого чакырышты.

Эл арасында жүргүзүлгөн профилактикалык жумуштардын натыйжасында ыксыз чыгымдарды азайтуу сунушун колдогондор болууда.

Пикир

Оставить комментарий