• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузакта атасы өзүнүн кызын зордуктоого шектелип кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 28.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда атасы өзүнүн 19 жаштагы кызын зордуктоого шектелип кармалды. Маалыматты "Кабар" агенттигине Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Билдирүүдө айтылгандай, райондук милицияга 2004-жылы туулган кыз арыз менен кайрылып, 2022-жылдын сентябрь айынын аягында үйүндө атасы 1980-жылы туулган Н.К. зордуктап койгондугун билдирген.

Бул факты Сузак РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине "зордуктоо" беренеси менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Окуяга шектүү катары Сузак районунун тургуну 1980-жылы туулган Н.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий