• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Эми каржы пирамидасын жарнамалагандарга айып салынат. Президент мыйзамга кол койду

Президент 0

Бишкек, 15.05.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров «КРнын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мыйзам 2023-жылдын 5-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Бул мыйзамга ылайык, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин жоболорун актуалдаштыруу жана ири өлчөмдөгү зыян келтирүү менен финансы пирамидасын ачык айкын, массалык маалымат каражаттарын жана интернет-ресурстарын колдонуу менен жарнамалоо үчүн жоопкерчиликти белгилөө, ошондой эле жарандардын укуктарын коргоо каралган.

Ошондо КР Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинде финансылык пирамиданы уюштуруу маселелери каралган.

Ошол эле учурда, КР Кылмыш-жаза кодексинин жогоруда белгиленген ченеминде финансылык пирамиданы жарнамалоо маселелери регламенттелбегендигине байланыштуу, кабыл алынган мыйзам менен КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинде финансы пирамидасын ачык айкын, массалык маалымат каражаттарын жана интернет-ресурстарын колдонуу менен жарнамалоо, ири өлчөмдөгү зыян келтирүү менен коштолсо, 1500дөн 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин (150000 ‒ 200000 сомго чейин) айып салуу жоопкерчиликтери белгиленген өзүнчө норма менен толукталды.

Пикир

Оставить комментарий