• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Таласта Даун синдрому менен жабыркаган балдарга борбор салынат

Аймак 0

Бишкек, 3-июль /Кабар/. Кыргызстандагы кызыл жарым ай коому Таласта Даун синдрому менен жабыркаган балдарга арналган реаблитациялык борборун салуу иштерин баштады. Бул тууралуу Кыргызстандагы кызыл жарым ай коомунун басма сөз кызматы билдирди.

Алар билдиргендей, борбор 30 балага ылайыкташкан.

“Жаңы салынып жаткан реаблитациялык борборго “Теңир-Колдо” борборунун балдарын которуу пландалып жатат. Себеби алар учурда жеке үйдө жашап жатышат. Буга чейин “Теңир-Колдо” балдар борбору Талас шаарындагы авариялык абалдагы №1 балдар бакчасынын мекемесинде жайгашкан болчу”,-деп жазылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, Кызыл Жарым Ай коому салып жаткан жаңы мекеме балдардын жакшы, заманбап шарттарда жашашына жана алардын гармониялуу өнүгүшүнө шарт түзөт.

Курулуш иштерин 2017-жылдын декабрь айында бүтүрүү пландалган.

Пикир

Оставить комментарий