• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кербен шаарын айланып өтүүчү айлампа жолдун курулушу улантылууда

Аймак 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы Кербен шаарын айланып өтүүчү айлампа жолдун курулушу улантылууда. Бул тууралуу Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кербен шаарын айланып өтүүчү айлампа жолдун жалпы узундугу 9 чакырым, сметалык баасы 178 млн сомду түзөт. 2017-жылы долбоорлоо иштери башталып топографиялык съемка иштери жүргүзүлгөн. 2018-жылдын ичинде айлампа жолдун курулушуна жалпысынан 1700,0 миң сом акча каражаты каралып, архитектуралык пландоо шарттары бүткөрүлгөн.

"Акыркы жылдары Кербен шаарынын борбордук көчөлөрү аркылуу коңшулаш Ала-Бука жана Чаткал райондорундагы иштеп жаткан кен казуучу компаниялардын, түрдүү ишканалардын оор жүк ташуучу автоунаалары жүрүп, жаңы эле асфальтталып, ремонттолгон жолдорду бузуп, жараксыз абалга келтирип калктын нааразычылыгы пайда болгон", - деп айтылат билдирүүдө.

Мындай абалдан чыгуу үчүн шаарды айланып өтүүчү жол куруу зарылчылыгы пайда болуп, каражаттын жетишсиздигинен улам бул долбоор ишке ашпай келген.

Азыркы учурда жолдун курулушуна мамлекет тарабынан керектүү каражат бѳлүнүп курулуш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий