• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду жаңы долбоорду ишке ашырат

Ден соолук 0

Бишкек, 06.02.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Андрей Широков менен жолукту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда тараптар "Ден соолук кербени" жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын автопарктарын жаңылоо сыяктуу мурунку долбоорлордун жыйынтыктарын, ошондой эле Кыргызстанды кошумча тез жардам унаалары менен камсыз кылуу боюнча саламаттыкты сактоо тармагындагы жаңы долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Министр Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун аткаруучу директоруна Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

"Ден соолук кербени" долбоорунун алкагында бизге айыл жергесинин жана жетүүгө кыйын аймактардын калкынын арасында оорулардын алдын алуу жана эрте аныктоо үчүн эки автопоезд берилди. Баштапкы профилактикалык кароолорду өткөрүү жана ден соолукту чыңдоо биздин артыкчылыктуу багыттардын бири. Ошондой эле өткөн жылы 107 унаа алдык. Биздин саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыгыбыз өз ара пайдалуу кызматташтык шарттарында тереңдейт жана бекемделет деп ишенебиз", - деди Бейшеналиев.

Министр ошондой эле учурда кыргыз тарап жарыяланган 3-конкурстун алкагында Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун гранттык жардамына арыздарды чогултуу боюнча иш алып барып жатканын кошумчалады.

Өз кезегинде Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Андрей Широков Кыргызстанга гранттык жардам көрсөтүү боюнча кезектеги долбоордун алкагында Кыргызстанга ушул жылдын аягына чейин адистештирилген унааларды сатып алуу боюнча иш жүргүзүлүп, жабдыктарды сатып алуу процесси башталарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий