• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте автобустардын GPS-трекерлерин өчүргөн 13 айдоочуга сөгүш берилди

Коом 0

Бишкек, 06.02.24. /Кабар/. Бишкекте автобустардын GPS-трекерлерин өз алдынча өчүргөн айдоочулар аныкталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эрежелерди сактабаган 13 айдоочуга сөгүш берилди.

Белгилей кетсек, буга чейин жүргүнчүлөр тарабынан “Менин шаарым” тиркемесинен кээ бир каттамдагы автобустар көрүнбөй жатканы боюнча кайрылуулар түшкөн.

“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” тарабынан текшерүүлөр байма-бай өткөрүлүп, GPS-трекерлерди өз алдынча өчүргөн, эрежелерди сактабаган айдоочуларга жумуштан бошотууга чейин катуу чара көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий