• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн – Кыргызгидромет

Коом 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 17-18-марттарында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 74-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автоунаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий