• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Электрондук чылым чынында эле коопсузбу? Саламаттык сактоо министрлигинин жообу

Ден соолук 0

Никотин көз карандылыкты жаратууга жөндөмдүү, ал кийинчерээк бир катар олуттуу ооруларга алып келет: өпкө рагы, жыныс органдары менен байланышкан көйгөйлөр, жүрөк оорусу жана башка. Өздөрүн "коргоо" үчүн, никотинге көз карандылыктан жапа чеккен адамдар ден соолукка толугу менен коопсуз экенине ишенип, электрондук чылым чегүүгө өтүшөт. Бирок ал чынында эле коопсузбу?

Электрондук чылымдын ден соолукка зыяндуу экенин түшүнүү үчүн анын курамын кылдат изилдөө жетиштүү.

Көпчүлүк учурларда чылымдын кутусун толтуруучу суюктук никотин, ацетальдегид, формальдегид, глицерин, жыпар жыттар, пропиленгликол (эриткич), боектор жана канцерогендик компоненттерден турат. Акыркысы зыяндуу шишиктердин өнүгүшүнүн себеби болуп саналат.

ДССУ тарабынан жыпар жыттуу суюктуктарга толтурулган электрондук тамеки заттарын сатууну чектөө өкмөттөргө сунушталган. Себеби анын жыпар жыты вейптердин жагымдуулугун жогорулатат жана анын үстүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

- диэтиленгликол жана күчтүү канцерогендер деп эсептелген нитрозамин. Электрондук тамекиде алардын концентрациясы салттуу тамекиге караганда он эсе жогору;

- ацетальдегид - дал ушул компонент электрондук тамекиге көз карандылыкка жеткирүүчү каалоолорду жаратат . Мындан тышкары, анын организмде ашыкча болушу Альцгеймер оорусунун өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн;

- формальдегид - бул зат менен организмдин уулануусу өлүмгө алып келет.

- Электрондук чылымдар ден-соолукка зыян жана кооптуу

- Жашыруун сыр ачыкталды: Тамеки индустриясы калктын аялуу катмарына багытталган

- Электрондук чылымдарды колдонгон балдар менен өспүрүмдөр чоңойгондо да тамеки чегиши ыктымалдыгы кеминде эки эсе жогору болуп саналат.

- Электрондук чылымдарды колдонуу жүрөк-кан тамыр жана өпкө ооруларынын тобокелдигин жогорулатат.

- Электрондук чылымдардагы никотин курч көз карандылыкты жаратат жана балдардын өнүгүп келе жаткан мээсине зыян келтириши мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий