• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Манас райондук милициясы жашы жете электердин арасында спорттук мелдеш өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 28.10.21. /Кабар/. Манас райондук милициясы жашы жете электердин арасында спорттук мелдеш өткөрдү. Бул тууралуу Талас облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Покровка айылында жайгашкан Бала-Саруу орто мектебинде футбол боюнча мелдеш уюштурулду.

Спорттук иш-чарага Покровка, Үч-Коргон айыл өкмөттөрүнүн мектеп окуучулары активдүү катышып, 8 курама команда мыкты оюн көрсөтүштү.

"Аталган иш-чара балдар арасында кылмыштуулукту жана топтошуп мушташууну болтурбоо максатында уюштурулду. Оюндун ачылышында Манас РИИБнин милиция кызматкерлери сөз сүйлөшүп, спорт - бул ынтымактын, достуктун көпүрөсү, жаштар билимге гана көңүл буруусу керектигин айтышты", - деп айтылат билдирүүдө.

Оюндун жыйынтыгында Покровка орто мектебинин курама командасы 1-орунду утуп кубокко ээ болушту. Ал эми 2-орунду М. Рахманбердиев атындагы орто мектеби, 3-орунду Покровка орто мектебинин окуучуларынан түзүлгөн 2-курама командасы камсыз кылды.

Пикир

Оставить комментарий