• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акыркы эки айда Жалал-Абад облусунда 77 өрт катталып, эки адам каза болгон

Аймак 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. 2021-жылдын эки айында Жалал-Абад облусунда 77 өрт кырсыгы катталып, эки адам каза болду. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, облус аймагында 2020-жылга салыштырмалуу өрттүн саны – 40% өскөн. 2021-жылы катталган өрттүн кесепетинен 2 жаран каза болуп, 3 автоунаа, 77 тонна тоют жабыркап, 5 млн 952 миң 690 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Ыкчам аракеттердин натыйжасында 43 млн 179 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калынган. Негизинен өрт кырсыктары (57 өрт, 74%) турак-жай секторунда катталган.

Пикир

Оставить комментарий