• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда аткаминерлер өзбек тилинен тест тапшырышат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Өзбекстанда жетекчи кызматка сунушталган ар бир аткаминер мамлекеттик тилден тест тапшырат. Бул тууралуу 2-мартта өзбек өкмөтүнүн мамлекеттик тилди өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Абдугафор Кыргызбаев билдирди.

Кыргызбаевдин айтымында, былтыр өлкөдө мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча 17 нормативдик-укуктук акт кабыл алынган, алардын ичинде президенттин эки жарлыгы да бар. «Өзбек тилин өнүктүрүү жана тил саясатын жакшыртуу» тууралуу жарлыкка ылайык, 1-апрелден тартып мамлекеттик кызматкерлердин өзбек тилинде иш-кагаз жүргүзө билүү деңгээли аныкталып, алардан мамлекеттик тил боюнча сертификат талап кылынат.

Бул документ менен кошо өзбек тилин өнүктүрүү менен 2020-2030-жылдарга арналган тил саясатын жакшыртуу концепциясы да бекитилген.

Ага шайкеш, мектепке чейин билим берүү системасында өзбек топторунун арттыруу аркылуу алардын санын 2025-жылга чейин 72%, 2030-жылы 80% жеткирүү мерчемделүүдө. Орто билим берүү мекемелеринде 2030-жылга чейин «Эне тил» сабагынын саатын 84төн 110го чейин көбөйтүү каралган.

2020-жылы өзбек тилине мамлекеттик тил макамын берилип, президент Шавкат Мирзиёев элине майрамдык кайрылуу жолдогон. Ал «азыр өзбек тилинде болжол менен 50 миллиондон ашуун киши сүйлөй ала турганы дүйнөдө анын кеңири таралган тил болуп баратканынын далили» экенин айткан.

Пикир

Оставить комментарий