• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда Аялдар кеңешинин иши жанданат

Аймак 0

Бишкек, 18.02.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда Аялдар кеңешинин иши жанданат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, республикалык "Аялдар кеңеши" коомдук бирикмеси менен президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду.

Иш-чарага "Аялдар кеңеши" коомдук бирикмесинин төрайымы Айнура Алтыбаева, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, кеңештин район-шаарларындагы мүчөлөрү катышты.

Жыйында облус өкүлүнө аялдар кеңешинин ишине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирилип, төш белги тапшырылды.

Жолугушуу алкагында облус башчысы үй-бүлөдө, коомдо жана мамлекеттик башкаруу органдарында айылдардын орду чоң экенин белгиледи. Ошол эле учурда ыйгарым укуктуу өкүл Жалал-Абад облусундагы ар түрдүү социалдык көйгөйлөрдү чечүү, аялдар кабылган зордук-зомбулуктардын алдын алуу багытындагы иш-аракеттер улантылаарын кошумчалады.

Бүгүн, 18-февралда облустук өкүлчүлүктө Жалал-Абад облусундагы лидер аялдардын тилектештик курултайы өткөрүлөт. Бул иш-чара аймактагы прогрессивдүү лидер аялдарды бир аянтчага чогултуу максатын көздөйт. Курултай Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында түзүлгөн аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин колдоосу менен ишке ашууда.

Пикир

Оставить комментарий