• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 24 жаран кармалды – комендант

Аймак 0


Бишкек, 12.04.20. /Кабар/. Жалал-Абадда жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 24 жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Анын айтымында, бир күн ичинде Жалал-Абад облусунда 19 кылмыш катталган.

"Коменданттык саатты бузган 24 жаран кармалды: Сузак району боюнча 8 жана Жалал-Абад шаары боюнча 16 жаран", - деди ал.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий