• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 7 жаран кармалган

Аймак 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Жалал-Абадда жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 7 жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ТВ каналынын түз эфиринде Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Ал белгилегендей, бир күн ичинде облус аймагында 13 кылмыш катталган.

"Жалал-Абадда жана Сузак районунда бир күн ичинде райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүнө 89 киши жеткирилип, алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Коменданттык саатты бузган 7 жаран кармалды: Жалал-Абадда – 5, Сузакта – 2 киши", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий