• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Кыргызстандан минералдык жер семирткичтерди ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Өкмөт 0

Бишкек, 17.02.23./Кабар/. Кыргыз Республикасынан минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынды. Тийиштүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кеңешмесинде кабыл алынды.

Аталган чечим 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине ылайык кабыл алынган.

Мындан улам Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары (эл аралык транзитти жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамды кошпогондо) минералдык жер семирткичтерди ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий