• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров санариптик өнүктүрүү жана IT технологиялар тармагындагы эксперттер менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 22.02.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров санариптик өнүктүрүү жана IT технологиялар тармагындагы эксперттер менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, президенттин администрациясы киберкоопсуздук, булут жана финансылык технологиялар, санариптик трансформация сыяктуу тармактарда жетиштүү тажрыйбага ээ болгон адистердин катышуусунда көз карандысыз эксперттик кеңеш түзүү чечимин кабыл алды.

Анын айтымында, быйыл «Санариптик Кыргызстан 2019-2023» программасын ишке ашыруу жыйынтыкталып жатат, буга байланыштуу жакынкы жылдарга санариптик мамлекетти куруунун негизги максаттарын, принциптерин жана эрежелерин аныктаган санариптештирүүнүн жаңы концепциясын иштеп чыгуу зарыл.

«Кызматташуу аркылуу биздин республиканы санариптик трансформациялоонун бардык муктаждыктарына жооп берген мамлекеттик башкарууну санариптештирүү жана санариптик экономиканы стимулдаштыруу боюнча концепцияны иштеп чыга алабыз деп ишенем. Салык жол-жоболорун фискалдаштыруу боюнча долбоордун алкагында электрондук эсеп-фактураларды, электрондук товардык коштомо баракчаларды жана башка санариптик инструменттерди киргизүү аркасында 2022-жылы 2021-жылга салыштырмалуу 148% көбүрөөк салык чогултуу мүмкүн болду. Ар бириңиздердин өлкөбүздө кандай технологиялык чечимдерди ишке ашыруу боюнча идеяларыңыз жана пикириңиздер бар деп ишенем», - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле республикабызды мындан ары өнүктүрүү боюнча алдыңкы сунуштарды жана идеяларды талкуулоо үчүн алдынкы дүйнөлүк компанияларда иштеген мекендештер менен быйыл жолугууга даяр экендигин билдирди.

Белгилей кетсек, жакын арада санариптик өнүгүү маселелери боюнча эксперттик кеңеш түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий