• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Өзгөндө үч наристе иске ууланып чарчап калды

Кырсык 0

Бишкек, 22.02.23. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында үч наристе иске ууланып чарчап калды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 3-февралында Өзгөн райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө иске ууланган келин балдары менен айылдык ооруканага түшкөндүгү тууралуу кабар түшкөн.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө маалым болгондой, 26 жаштагы К. кызы. Б., аттуу келин жана анын 4, 3, 1 жаштагы кыздары өздөрү жашаган үйүндө көмүрдүн исине ууланышкан.

"Келин айылдык ооруканага жеткирилип, кыздары чарчап калган. Окуя боюнча күбөлөр суралган. Чарчап калган жаш балдардын жакын туугандары арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан. Андыктан, жогорудагы окуя боюнча кылмыштын курамы аныкталбагандыктан кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пункттун (жосунда кылмыш курамы болбогондо) негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартылган", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий