• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Булак-Башы тилкесиндеги өрттү өчүрүү уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 15.09.22. /Кабар/. Булак-Башы тилкесиндеги өрттү өчүрүү уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 14-сентябрь күнү Баткен районунун Кык жайлоосундагы Булак-Башы тилкесинде куураган чөптөн өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө кечээ 11 куткаруучу, ЗиЛ унаасы жана жергиликтүү 15 жаран тартылган.

Ал эми бүгүн, 15-сентябрда кошумча күч катары эки унаа менен 51 куткаруучу тартылып, жайыттын күн чыгыш тарабында иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий